Шайлообек Атазов дарыланып бүтөрү менен өлкөгө келерин айтты
RU

Шайлообек Атазов дарыланып бүтөрү менен өлкөгө келерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өлкө аймагынан эмнеге чыкканын айтты. Ал Facebook баракчасына учурда Түркияда дарыланып жатканын жазды.

Айтымында, жүрөгүнө атайын медициналык апараттар орнотулгандыктан, акыркы 4 күндөн бери телефонун жана башка байланыш каражаттарын колдоно алган эмес.

"Бул талап медициналык сактык чараларынын бир бөлүгү болду. Кудайга шүгүр, азыр бир кыйла жакшымын. Сиздерден кечирим сурайм. Көптөгөн журналисттер, туугандар, ага-инилер, спортчулар, достор чалган экенсиздер. Убагында жооп бере албадым. Кечирим сурайм. Тынчсызданганыңыздар үчүн барыңыздарга ыраазычылык билдирем", - деди.

Атазов кесиптеши Айбек Осмонов менен өлкөдөн чыгып кетти деген билдирүүнү буюртма деп эсептейт. Айтымында, ал мурда спикерге дарылануусу тууралуу кат жүзүндө эскерткен.

"Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй-бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Эч кимиңиздер оорубаңыздар.

Буюрса, аз күндөрдө дарылануу курсум аяктап барып калам. Ага чейин буюртмаларды алып, гыйбат, куру доомат, ушак-айыңдар менен каралап жаткандарга ыйман тилейм! Урматтуу саясатчылар, фейктер жана башкалар, бирөөнү каралап жазардан мурда Кудайдан коркууга чакырам!

Ал эми адамдын эркиндиги, укугу, абийири, намысы конституциябызда корголгон. Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. Мамлекетибизде мыйзамдуулук, адилетүүлук болушун тилейм", - деп жазды депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15644