Надира Нарматова башкы консул кызматына дайындалышы мүмкүн
RU

Надира Нарматова башкы консул кызматына дайындалышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Надира Нарматова депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдирди.

Айтымындарында, ал Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу болушу мүмкүн. Жакынкы аралыкта президент Садыр Жапаровдун аны кызматка дайындоо боюнча жарлыкка кол коюусу күтүлүүдө.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов, ал 2021-жылдан бери аталган кызматты жетектеп келет.

Надира Нарматова 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынан V чакырылыштын депутаты болуп шайланган. 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. Ал коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15653