Депутат Бишкек мэринин жоопкерчилигин кароону талап кылды
RU

Депутат Бишкек мэринин жоопкерчилигин кароону талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутаттар Бишкектеги Сүйөркулов, 16/1 дарегиндеги талаштуу үйдөн жарандарды чыгаруу ишин сынга алышты. Алар президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго бул маселени өлкө башчыга жеткирүүнү суранышты.

Дастан Бекешев үйлөрүнөн чыгарылган жарандарга резервдик фонддон жардам бөлүү керек дейт.

"Тургундарды чыгарууга биринчи жолу бардык кызматтар катышты. Болуптур, чыгарып салдыңар, бирок эмне үчүн мамлекеттик органдар буга убагында көңүл бурган жок? Мен бир нече жолу Башкы прокуратурага, мэрияга кат жөнөткөм. Алдамчылар пайда көрдү, бирок жарандар үйсүз калды. 2022-2023-жылдары мамлекеттик органдарга кайрылдым, бирок алар кызыккан эмес. Эми кызык болуп калдыбы? Элге адамгерчилик менен мамиле кылуу керек. Көпчүлүгү турак-жайсыз калышты, аларга жардам берүү керек", - деди Бекешев.

Депутатты кесиптеши Максатбек Сарбагышев колдоду. Анын айтымында, 19-февраль күнү тургундарга көчүрүү боюнча билдирүү келип, 1-мартта алар үйдү бошотууга аргасыз болушкан.

Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кызыкчылыгы эмнеде экенине кызыкты. "Анын кандайдыр бир кызыкчылыгы болсо керек. Мэр ал жакка барып жашоочулардын кызыкчылыгын коргоонун ордуна кууп чыкты. Мен түшүнөм, инвесторлорду колдоо керек, бирок мынчалык деңгээлде эмес! Мэрдин да жоопкерчилиги каралышы керек", - деди депутат.

Белгилесек, 1-мартта Бишкектин Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочулары мажбурланып чыгарылган. Көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жаңы төрөлгөн балдары бар 6 үй-бүлө убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган.

Мэриянын маалыматы боюнча, Сүйөркулов көчөсү, 16\1 дарегиндеги көп кабаттуу имаратта 24 кеңсе жайгашкан, ошондой эле 2-4-кабаттын жарымы коммерциялык сатууга ылайыкташтырылган. 5-кабаттан 9-кабатка чейин 45 кеңсе бөлмөсү курулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15679