Шайлообек Атазов соттун мандаттан ажыратуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт
RU

Шайлообек Атазов соттун мандаттан ажыратуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун депутаттык мандатын жокко чыгарган. Буга Свердлов району боюнча депутаттыкка талапкер болгон Абдурахман Муртазалиевдин арызы себеп болгон.

Учурда Түркияда дарыланып жатканын айткан Шайлообек Атазов соттун чечимин мыйзамсыз дейт.

"Соттордун бүгүнкү кадамы өлкөбүздө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук канчалык деңгээлде экенин далилдеп турат. Шашпай эле мен даарыланып бүткөндө кол салышса да жетишмек. Ар бир нерсенин эрежеси бар да. Саясатта да саясий маданият, эреже болуш керек! Тынчылык заман эмес, согушта жарадар болгон адамды да врачтар алып кетип жатса душмандар тийбейт.

Соттун чечими мыйзамсыз чыкты. Конституцияда, мыйзамда жок нерсени жасады. Мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетирди. Сот адилетүү деген сөзгө көө жапты. Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды.

Тилеке каршы, президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферисттер, шылуундар, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөр топтолуп калды. Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт. Мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатат. Баарына күн сайын токтолуп турайын. Сабыр кылдым, жөн коюшпады", - дейт ал.

Атазов өлкө башчысына туура эмес маалыматтарды жеткиргендердин айынан мамлекетте мыйзамсыз иштер болуп жатканын кошумчалады.

"Кеп менин мандатымда эмес, адилеттүүлүктө, мыйзамдуулукта. Мандат - бул бейишке чыктын деген гарантия эмес. Мандат - бул бактылуулук символу да эмес. Мандат элдин берген аманаты, ишеними. Маселе мен ошол элдин аманатын татыктуу сактап калдымбы же коркоктук кылып тымпыйып өткөрүп бердимби? Маселе ошондо. Мен мандатка кызыкпайм. Мамлекеттик түзүлүшкө сокку уруп жаткан саясий топтор пайда болду, биз күрөшөлү", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15689