Сот Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты
RU

Сот Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек административдик соту Свердлов району боюнча депутаттыкка талапкер болгон Абдурахман Муртазалиевдин арызын канааттандырып, Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу Kaktus редакциясына шаардык соттон ырасташты.

Муртазалиев 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовго байланыштуу чечимди жокко чыгаруу жана аны шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок БШК анын арызын кароодон баш тарткан. Андан соң Абдурахман Муртазалиев сотко кайрылган.

Бүгүн, 6-мартта сот БШКны 2022-жылдын 9-мартындагы Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жана аны шайланган депутат деп таануу чечимин жокко чыгарууга милдеттендирди.

*****

2022-жылы Свердлов районунда өткөн парламенттик шайлоодо Абдурахман Муртазалиев жеңип чыккан, бирок анын каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечимин бардык инстанциядагы соттор колдогон. Ал эми Шайлообек Атазов Свердлов районунан депутат болгон.

Муртазалиев эки аялдын көрсөтмөсүнөн улам четтетилген. Талапкер көрсөтмө берген аялдар менен эч кандай байланышы жок экенин жана ал аялдар үгүт иштерине катышпаганын айткан. Кийинчерээк Свердлов райондук соту Муртазалиевдин аларга тиешеси жок экенин далилдеген.

Былтыр ноябрь айында Атазовдун агитаторлору суракка чакырылып, кийин соттолгону маалым болгон. Ал эми Атазов УКМКга суракка барып, соттолгон адамдар менен иштешпегенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15681