Чет өлкөдө кароосуз калды делген 3 бала Бишкекке жеткирилди
RU

Чет өлкөдө кароосуз калды делген 3 бала Бишкекке жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын укук бузуулардын алдын алуу борборуна Россиядан жашы жете элек 3 бала жеткирилди. Министрликтен балдардын чет мамлекетте жүрүү себеби аныкталганын маалымдашты.

11-мартта Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча башкы башкармалыгынын жашы жете электерди убактылуу кармоо борборунан келишимге ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда туулган жашы жете элек 3 бала Бишкекке жеткирилди.

Балдардын үй-бүлөдөгү жашоосу жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, алардын башка мамлекеттин аймагында жүрүү себептери такталды.

Профилактикалык жана тарбиялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилет дешти министрликтен.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору өз ишин ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрү, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары менен кызматташат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15704