Ырчы Алихан менен апасы акталды
RU

Ырчы Алихан менен апасы акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь райондук соту ырчы Алихан менен апасы Бактыгүл Сейитбекованын ишине чекит койду. Бул туурасында жактоочу Жанатбек Гульжигитов Kaktus.kg редакциясына билдирди.

Айтымында, эне, балага 209-берененин 3-4-бөлүктөрү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен иш ачылган.

"Сот ырчыны толугу менен актады. Ал эми апасы Бактыгүл Сейитбекованы актап, 50 миң сом айыпка жыкты. Бул жарандык ишти тааныш-билиш аркылуу кылмыш ишине айландырышкан. Бирок сот тарабынан адилетүү өкүм чыкты", - дейт адвокат.

Эске салсак, 2022-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманованын арызынын негизинде Бактыгүл Сейитбекова жана Алихан (Кубаныч Кылданов) 2 айга СИЗОго киргизилген.

2023-жылы январь айында Алихан, февраль айында апасы үй камагына чыгышкан.

Кийинчерээк Токтогулдагы мал базар талашка түшүп, Роза Аманова ырчы менен апасынын үстүнөн арызданганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15705