Бишкекте мектептердин биринде 7-класстын окуучусунан кургак учук аныкталды
RU

Бишкекте мектептердин биринде 7-класстын окуучусунан кургак учук аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №67 мектепте окуган окуучулардын биринен кургак учук аныкталды. Маалыматты Kaktus редакциясына мэриянын билим берүү башкармалыгынан тастыкташты.

Окуучудан кургак учук аныкталгандыгы боюнча 7-мартта мектепке санитардык буйрук түшкөн. Мектеп администрациясы жергиликтүү медициналык кызматкердин катышусуунда ата-энелер чогулушун өткөргөн.

"Учурда №67 мектептин администрациясынын ички буйругу менен 7-класстын окуучулары онлайн режиминде окуп, дарт аныкталган бала дарыланып жатат. Борбордук мамлекеттик медициналык экспертиза борборунун көрсөтмөсү менен класстын окуучулары жана жалпы мугалимдер жамааты текшерүүдөн өтүп жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: RT: UGC.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15715