Садыр Жапаров Матраимов, Көлбаев менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты
RU

Садыр Жапаров Матраимов, Көлбаев менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев тууралуу кеп козгоду. Журналист митингдерге чыгабыз дегендерди Райымбек Матраимов каржылап жатат деген пикирлер айтылганын, бул боюнча президенттин маалымат барбы, жокпу деп сураган.

"Райымбек Матраимов каржылап жатат деген маалымат туура эмес го дейм. Бизде андай маалымат жок. Мен Матраимовду бир эмес эки жолу кабыл алгам.

Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевге катуу эскерткем: "Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла" деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда-чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.

Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: "Эки миллиард төлөдүң, "Элдьдорадо" соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы байланышын үзбөптүр да. Атайын кызмат анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15721