Райымбек Матраимовдун батирлерин сатуудан түшкөн каражат кайда жумшалганы белгилүү болду
RU

Райымбек Матраимовдун батирлерин сатуудан түшкөн каражат кайда жумшалганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовго таандык 13 батирди сатуудан түшкөн каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалган. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 9-февралда "Элдик" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, сатылган батирлер кечээ жакында эле мамлекетке кайтарылган батирлер эмес.

Шыкмаматов быйыл мамлекетке кайтарылган Матраимовдун турак-жайлары рыноктук баада сатып, ипотекалык компаниянын уставдык капиталын дагы көбөйтүүгө, жарандарга жеңилдетилген шартта көп үй курууга болот деп эсептейт. Анын айтымында, чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат.

Эске салсак, 2020-жылдын аягында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын билдирген. Тагыраагы, Матраимов бюджетке накталай түрдө 1,4 миллиард сом, андан тышкары 600 миллион сомго бааланган бир соода борборун жана тогуз батирин өткөрүп берген.

Анда Ташиев сегиз батирди УКМК кызматкерлерине өткөрүп, тогузунчу, эң чоңун балдар үйүнө берүүнү пландаган. Натыйжада батирлерди жана соода борборун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүү каралган.

Ушул жылдын 8-февралында коопсуздук комитети Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомду түзгөн (34 млн 810 миң 500 доллар) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15512