Латвияда кыргызстандык окуучу сабалды деген окуяны министрлик териштирүүдө
RU

Латвияда кыргызстандык окуучу сабалды деген окуяны министрлик териштирүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Латвияда кыргызстандык окуучу кыз ур-токмокко алынганы боюнча социалдык тармакка видео жарыяланган. Анда окуя Рига шаарындагы Жюль Верн атындагы жеке менчик мектепте орун алганы айтылган. Аталган окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

Кыргызстандын Беларусь республикасындагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, жабырлануучулар тарабынан элчиликке кайрылуу түшкөн эмес. Ошол эле учурда окуя боюнча жабыркаган жарандардан министрликке да кайрылуулар болгон эмес.

Мындан улам Латвиядагы кыргыз диаспорасы жана элчилик окуянын чоо-жайын тактап жатат. Эгер ырасталса Кыргызстандын жаранынын укугун коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлөт.

Аталган мектептин директору менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда алдын ала маалыматтар алынган.

Ага ылайык, окуя 2023-жылдын 15-февралында болгон. 9-класстын окуучулары улуту жана жарандыгы айтылбаган башка окуучуга карата "моббинг" (адамдар тобу тарабынан жеке адамга карата психологиялык зомбулуктун бир түрү) жасаган. Окуу жайдын директорунун айтымында, жабыркаган окуучунун денеси кичине сыйрылып, көгөргөн жерлери бар.

Жабыркаган окуучуну тактоо жана ага керектүү жардам көрсөтүү маселеси министрликтин жана Беларусь Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин көзөмөлүндө экени айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11947