Акын Аскат Жетиген кайра кармалып, 2 айга камакка алынды
RU

Акын Аскат Жетиген кайра кармалып, 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акын, активист Аскат Жетиген кайрадан УКМК тарабынан кармалды. Бул жолу жаңы ачылган иш боюнча кармалганын акын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматты Kaktus.media редакциясына юрист Венера Будайбекова да тастыктады.

Анын айтымында, акынга карата "бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын социалдык тармактардагы түз эфиринин негизинде эки экспертиза дайындалган.

"Бир эпизод боюнча корутунду чыгарылып, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Бүгүн, 20-мартта видео боюнча экинчи экспертизанын корутундусу чыкканына байланыштуу Бишкекке УКМКга чакыртылды. Ага карата кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасын тандоо үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып бара жатышат", - деди Будайбекова.

Кийинчерээк Биринчи Май райондук сотунан Аскат Жетиген 2 айга камакка алганын билдиришти. Акын 2024-жылдын 19-майына чейин камакта болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15761