"Талас" аэропорту ишке берүүгө даяр. Бирок авиакаттам качан ачылары белгисиз
RU

"Талас" аэропорту ишке берүүгө даяр. Бирок авиакаттам качан ачылары белгисиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы аэропорттун курулушу толук бүттү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

"Манас" эл аралык аэропорту" башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш-сапарынын алкагында "Талас" аэропортуна барып, жасалган иштерди текшерди.

Төраганын айтымында, "Талас" аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Бүгүнкү күндө аталган аэропорт учактарды жана жүргүнчүлөрдү толук кандуу кабыл алууга даяр.

"Талас" аймактык аэропортунун жаңы курулган аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Аэробекеттин учуп келүү, учуп кетүү залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө баардык шарттары менен толук кандуу жасалып, эне-бала бөлмөсү да бар.

"Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынан сертификаттар алынды, текшерүүдөн өттү. Учурда жүргүнчүлөрдү жана учактарды "Талас" аэропорту кабыл алууга толук кандуу даяр деп баса белгилеп айтууга болот.

Бирок өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан "Тез Жет" авиакомпаниясынын учактары жетишпегендиктен бул багытка каттамды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок.

Ошондуктан "Манас" эл аралык аэропорту" башкармалыгы сатып алган Dash-8-400 учактары ушул жылдын май айында келери менен аэропорттун туунду компаниясы - "Асман Эйрлайнс" өлкө ичинде курулган баардык аймактык аэропортторго каттамдарды ачып, элибизге кызмат кылып баштайт", - деди Манасбек Самидинов.

Эске салсак, "Талас" аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган жана ички каттамдарды аткарууга багытталган. Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын баардык түрлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15772