УКМК Азим Ройдун жубайына издөө жарыялады
RU

УКМК Азим Ройдун жубайына издөө жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК маркум Камчы Көлбаев жана анын өкүл атасы Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы аныкталганын маалымдайт.

Анда К.Көлбаев менен Азим Рой "L.А." жана "R" ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда Көлбаев жана Азим Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан.

Мындан тышкары сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литва Республикасынын жараны К.Г. киргизилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен Көлбаевге таандык экендигин тастыкташты.

20-мартта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.Х.га (сыртынан) айып тагылып издөөгө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, былтыр ноябрь айында УКМК Азим Ройдун К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталып, издөөгө алынганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15795