"Капитал Групп" компаниясынын ээсине коюлган айыптар алынды
RU

"Капитал Групп" компаниясынын ээсине коюлган айыптар алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаев менен байланышы бар делген "Капитал Групптун" кожоюну Павел Тё бардык айыптардан бошотулду. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына УКМКдан тастыкташты.

Белгиленгендей, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун россиялык ишкер Павел Тё тарабынан каржылоо боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду.

Буга чейин коопсуздук комитети кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Россиянын ири ишкерлеринин бири - Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө "Паша Кореец" катары белгилүү) тарабынан Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталганын маалымдаган. Мындан улам Павел Тёго издөө жарыяланган.

"19-мартта Павел Тё Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусу менен бир катар тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ишкер уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө аралашпагандыктан, коюлган айыптар алынды. Ага карата ачылган сотко чейинки өндүрүш токтотулду", - дешти УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15817