Көлбаев менен байланышы бар делген "Капитал Групп" компаниясынын ээси издөөгө алынды
RU

Көлбаев менен байланышы бар делген "Капитал Групп" компаниясынын ээси издөөгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганга шектелген орусиялык ишкер, "Капитал Групп" компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети белгилегендей, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Россиянын ири ишкерлеринин бири - Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө "Паша Кореец" катары белгилүү) тарабынан Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды.

Павел Тё Кыргыз Республикасынын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө К. Асанбектин өкүл атасы катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн. Ал Көлбаевдин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп ага Кыргызстандын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн.

Павел Тёге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган.

Азыркы учурда ишкерге карата эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15709