Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду
RU

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул туурасында министрликтен кабарлашты.

ИИМдин буйругуна ылайык жаңы кызмат ордуна дайындалгандар:

  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББдин башчысы кызматына дайындалды.
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Улан Айтбаев дайындалды, ал буга чейин КИББнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.
  • Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
  • Чүй ОИИББдин башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков ээлеген кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
  • Бишкектин Свердлов РИИБнин башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

ИИМден жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15846