Дээрлик 30 млн сомдук далил буюм жок кылынган. Прокуратура кылмыш ишин козгоду
RU

Дээрлик 30 млн сомдук далил буюм жок кылынган. Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында райондук сот аткаруучулардын бири кылмыш иши боюнча далил буюм катарында табылган 29 млн 715 миң сомго бааланган 424 миң 500 куту тамекини жок кылганга айыпталууда. Башкы прокуратурадан билдиргендей, сот аткаруучу кызмат абалынан аша чаап пайдаланган.

Башкы прокуратура тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анда сот аткаруучу Э.С. өзүм билемдик менен далил заттарды кампадан мыйзамсыз алып чыгып, саламаттыкты сактоо жана башка органдардын катышуусунда атайын комиссия түзбөстөн, жашаган жери жана паспорттук маалыматтары жок күбө-калыстардын катышуусунда буюм далилдерди видеого тартуу аркылуу жок кылымыш болуп, такталбаган белгисиз коробкаларды талаадан өрттөп, акты түзүп, мыйзамсыз топтолгон документтерди үйүндө сактап жүргөн.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15849