Ала-Букада жасалма документ менен баланы мыйзамсыз асырап, өлкөдөн чыгарып кетишкен
RU

Ала-Букада жасалма документ менен баланы мыйзамсыз асырап, өлкөдөн чыгарып кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Букада баланы мыйзамсыз асырап алуу жана чет өлкөгө алып чыгуу боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз күбөлүк берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн алкагында, балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер жана баланы чет жакка мыйзамсыз ташып чыгуу фактылары аныкталып, 379-берене (документтерди жасалмалоо), 185-берене (балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер) жана 188-берене (баланы мыйзамсыз ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголду.

Такталгандай, Ала-Бука районунун Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан К.Н. аттуу жаран 2022-жылдын 15-февралында, ал эми Ч.Н. аттуу жаран 2022-жылдын 15-июлунда балалуу болгондугу тууралуу тактамалар берилип, анын негизинде Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөр берилген.

Бирок Көк-Серек айыл өкмөтүндө 2022-жылы жалпысынан 56 төрөт кабыл алынып, ал эми К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандардан төрөт кабыл алынбагандыгы такталган.

Жогорудагы эки жаран балдар төрөлгөн мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эмес. Жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз аракеттери менен бала асырап алышкан жана балдарды Кыргызстандын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгып кетишкен.

Ала-Бука районунун Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында "Балдар жөнүндө" мыйзамынын 45-беренесинин (баланы асырап алуунун тартиби) жана 47-беренесинин (балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштердин жол берилбестиги) талаптары одоно бузулган.

Учурда козголгон кылмыш ишин тергөө Ала-Бука РИИБине тапшырылып, тиешелүү иштер аткарылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15736