Кыргызстандагы окуу китептери: Эмне болду? Эмне кылабыз?
RU

Кыргызстандагы окуу китептери: Эмне болду? Эмне кылабыз?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 13-мартында президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде мектепке чейинки жана мектептик билим берүү маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Президент окуу китептеринин жетишсиздигин жол берилгис нерсе деп атады. Ал Министрлер кабинетине "эки жылдык мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү" тапшырды.

Окуу китептери боюнча абал чындап эле жол берилгис. Окуу китептеринин чоң өлчөмдөгү жетишсиздиги, мектептерде билим берүү эскирген окуу китептери менен жүргүзүлүшү буга далил. Мындай шартта мектептерде сапаттуу билимдин болушу мүмкүн эмес. Ал эми 2025-жылы Кыргызстан эл аралык окуучулардын жетишкендиктерин баалоо сынагына (PISA) катышаарын эске алсак, окуу китептери боюнча маселенин актуалдуулугу дагы да артат. PISAга катышкан Кыргызстандын 2006-2009-жылдардагы ийгиликсиз натыйжалары али да көпчүлүктүн эсинде, анда өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан акыркы орунду ээлеген.

Азыр окуу китептери боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатат? Окуу китептеринин абалы акыркы үч он жылдыкта кандай өнүктү? Бүгүнкү көйгөйлөрдүн себептери эмнеде? Ким күнөөлүү? Бул кыйын кырдаалдан чыгуунун жолу барбы? Абалды "Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгеси жана KG Analytics фонду тарабынан талдоого алынып, жыйынтыгы сунушталды.

Бүгүнкү күндөгү абал

Окуу китептеринин жетишсиздиги

Кыргызстанда расмий статистикага ылайык 2022-жылы 1 млн 447 миң окуучу бар. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары – ББжИМ же министрлик) маалыматы боюнча ар бир окуучуга орточо 12ден окуу китеби туура келет. Ушул маалыматка ылайык өлкөдөгү бардык мектеп окуучулары үчүн 17 миллион 364 миң даана окуу китептери болушу керек.

Министрликтин маалыматы боюнча мектеп окуучулары 74% окуу китептери камсыз менен болгон. Башкача айтканда, мектеп окуучуларында болжолдуу 12,8 миллионго жакын окуу китептери бар, демек 4,5 миллионго жакын окуу китептери жетишсиз.

Көпчүлүк 74%ды көбөйтүлүп айтылган деп эсептешет. Айрым эсептөөлөр боюнча чынында окуу китептери менен камсыздоо араң 50%ды түзөт, бул иш жүзүндө 8,6 миллионго жакын окуу китептеринин жетишсиздигин билдирет.

Окуу китептерин эсепке алууда (аны мектептин китепканачылары жүргүзөт) бардык китептер камтылат, анын ичинде эскирген жана колдонууга мүмкүн болбогон китептер да бар. Улуттук техникалык KMS 1303:2023 стандартына ылайык, окуу китебинин колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт, андан кийин окуу китеби эсептен чыгарылууга тийиш. Бирок, жаңы окуу китептеринин жоктугунан жана окуу китеби менен камсыздоонун көрсөткүчү жогору болушу керектигинен улам эсептен чыгарылбайт. Анткени, окуу китептери менен камсыздоонун көрсөткүчү жогору болушун мектеп директорлорунан талап кылышат.

Окуу китептеринин кескин жетишсиздиги контрафактылык окуу китептерин басып чыгаруунун көбөйүшүнө алып келди. Алар жөнөкөй техникалык жана санитардык талаптарды сактабастан массалык түрдө басып жатат. Көптөгөн ата-энелер нааразылыгын билдирип жатат, бирок балдары окуу китептерине муктаж болгондуктан, аларды базарлардан жана жер астындагы өтмөктөрдөн сатып алууга аргасыз.

Сапатсыз жана эскирген окуу китептери

Кыргызстандын мектептеринде колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмесин министрлик тарабынан жылына жарыяланат. тизмеге кирбеген окуу китептерин мектептерде пайдаланууга тыюу салынат.

2023-2024-окуу жылына карата тизмеге кирген окуу китептеринин дээрлик 70%ы эскирген. Мисалы, көптөгөн мектептерде азыркыга чейин география, биология, химия, адабият, геометрия жана башка предметтерден 1990-жылдардын биринчи жарымында жарык көргөн окуу китептери боюнча окутулат.

2022-жылы Министрлер кабинети Мектептик билим берүүнүн жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын (Мамстандарт) бекитти. Бардык окуу китептери ага ылайык келиши керек. Бирок тизмедеги окуу китептеринин көпчүлүгү Мамстандарттын талаптарына жооп бербейт.

Абалдын мындай болушуна ким жоопкерчилик алат? Сөзсүз түрдө, окуу китептеринин жетишсиздиги үчүн да, эскирген окуу китептери үчүн да Билим берүү жана илим министрлиги жооптуу. Окуу китептери боюнча бүт процесске, анын ичинде окуу китебин иштеп чыгуудан баштап, экспертизалоо, сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесин бекитүү, ижарага берүү, сатып алынуучу окуу китептеринин тизмесин аныктоо жана окуу китептерин сатып алууга чейинки бардык этап Министрлик тарабынан көзөмөлдөнөт. Министрлиги көп жылдардан бери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткара албай келе жатканы талашсыз.

Окуу китептеринин жетишсиздиги жана эскиргендиги өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын төмөндөтүүдө. Муну эл аралык жана улуттук изилдөөлөр тастыкта турат. Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоосунун (2021-жыл) жыйынтыгы боюнча мектеп окуучуларынын жарымынан көбү базалык билим деңгээлине жетпейт, башкача айтканда, балдар окушат, бирок окугандарынын маанисин түшүнбөйт.

Буга чейин кандай болду эле?

1991-жылга чейин: совет мезгили

Совет мезгилинде дээрлик бардык мектептик окуу китептери Москавадан борборлоштурулуп орус тилинде иштелип чыгып, тираждалып Кыргыз ССРине (совет мезгилиндеги Кыргызстандын аталышы) алынып келинген.

Орус тилдүү мектептерге орус тилиндеги окуу китептери жеткирилген. Кыргыз тилинде окуткан мектептер үчүн окуу китептери "Мектеп" мамлекеттик басмасы тарабынан кыргыз тилине которулган. Республикада жалаң кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу китептери, ошондой эле кыргыз тилинде окуткан мектептер үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери иштелип чыккан. Өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептер үчүн окуу китептери Өзбекстан жана Тажикстандан алынып келинген.

Окуу китептери менен камсыз кылууда көйгөй болгон эмес. Каржылоодо да маселе болгон эмес, анткени советтик мезгилде окуу китептерине ата-энелердин каражатынан төлөнчү. Мектептердин китепканаларында окуу китептеринин саны жетиштүү болчу.

1990-жылдар: сенектик мезгил

СССР тараган соң, 1991-жылдан баштап Москвадан окуу китептерин алып келүү токтогон.

1993-жылы эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынып, мектепте билим берүү бекер деп жарыяланып, ага окуу китептери да акысыз деп киргизилген. Окуу китептеринин акысын мамлекет өз мойнуна алган.

1990-жылдары өлкөнүн экономикалык абалы начарлап, окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик тапшырыктар токтоп калган. 1990-жылдардын аягында "Мектеп" басмасы өз ишин токтоткон. Жаңы окуу китептери иштелип чыкпай калган. Көптөгөн жылдар бою Кыргызстандын мектеп окуучулары советтик мезгилде чыккан китептер менен окуган.

2000 – 2002-жылдар: Азия Өнүктүрүү Банкынын биринчи долбоору – биринчи улуттук окуу китептери

1990-жылдардын аягы – 2000-жылдардын башында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен Кыргызстанда биринчи улуттук окуу китептерин иштеп чыгуу долбоору башталган. Үч жылдын ичинде жалпы саны 800 миң нускадан ашык 46 окуу китеби жана 25 окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыккан. Алгачкы улуттук окуу китептеринин авторлору негизинен Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) кызматкерлери болгон. Окуу китептеринин экспертизасы да КББАда жүргүзүлүп, окуу китептерин басып чыгарууну бекитүү министрликте болгон.

2006–2020-жылдар: АӨБ жана Дүйнөлүк Банктын жаңы долбоорлору, окуу китептериндеги каталар боюнча чыр-чатактар

АӨБдүн биринчи долбоорунан кийин улуттук окуу китептерин иштеп чыгуу жана көбөйтүп басуу боюнча дагы башка долбоорлорду ишке ашырды. Эки долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен, мындан сыркары дагы эки долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашты.

Жалпысынан бардык беш долбоор боюнча ондогон аталыштагы улуттук окуу китептери иштелип чыккан. 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 жана 9-класстар үчүн - Алиппе, Букварь, информатика, математика, физика, химия, биология, география, музыка, тарых жана башка окуу китептери. Айрым окуу китептери ондогон, жүздөгөн миң тираж менен басылып чыккан. 2019-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштелип чыккан 5-6-класстар үчүн окуу китептери 3,33 миллион нускада басылып чыкты.

Кыргызстанда пайда болгон алгачкы жеке менчик басма үйлөрү окуу китептерин иштеп чыгууга катыша башташты. Белгилей кетүүчү нерсе, басма үйлөрү менен басмакана бир эле нерсе эмес, алар эки көз карандысыз ишмердүүлүктүн түрү. Басма үйү интеллектуалдык эмгек менен алектенүү болуп саналат, алар окуу китептерин иштеп чыгат, авторлор менен иштешет, окуу китебинин мазмунуна жооп берет жана автордук укуктун ээси болуп саналат. Басмаканаларда негизинен техникалык иштер – атайын техникада окуу китептерин басып чыгаруу жана тираждоо жүргүзүлөт.

Окуу китептерин иштеп чыгуу жана тираждоо боюнча АӨБ жана Дүйнөлүк Банктын бардык долбоорлоруна 11 миллион доллардан ашык каражат сарпталган, алардын айрымдары грант жана кээ бирлери насыя түрүндө болгон. Насыялардын бир бөлүгүн төлөө 2026-жылы башталышы керек.

АӨБ жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун шарттарына ылайык, авторлор жана басма үйлөрү окуу китептерине болгон жеке менчик мүлктүк укуктарын министрликке өткөрүп берүүгө милдеттендиришкен. Билим берүү жана илим министрлиги долбоорлордун алкагында иштелип чыккан окуу китептерин бардык жерде, каалаган формада, каалаган санда жана чексиз мөөнөттө колдоно ала турган өзгөчө укуктун ээси болуп калган.

Бардык окуу китептерин басып чыгаруу жана тираждоо министрлик менен басма үйлөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлүп, ал басма үйүн Билим берүү жана илим министрлиги тендер аркылуу тандап алган. Окуу китептерин тираждоо үчүн төлөм да донорлордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.

Окуу китептеринин биринчи басылышынан баштап эле каталар табылган. КББА, министрлик, АӨБ жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ишке тартылган авторлор, эксперттер, басма үйлөр жана басмаканалар, башкача айтканда, окуу китептерин иштеп чыгуу жана тираждоо процессине катышкан адамдар шалаакылык жана жоопкерчиликсиздик үчүн бири-бирин айыпташты (толук маалымат Булан институтунун баяндамасында: Кыргыз Республикасынын мектептерин окуу китептери менен камсыз кылуу көйгөйлөрү, 2019-ж.)

Басма үйлөрү жана авторлор менен министрликтин ортосунда автордук укук боюнча соттук талаштар башталды. Окуу китептеринин сапаты начар болгондуктан Башкы прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

2016-жылы Министрдин жетекчилиги алдында билим берүүнүн стандарттары жана сапаты боюнча координациялык кеңеш иштей баштады, анын максаты (анын ичинде) окуу китептеринин сапатын камсыздоо болгон.

Авторлор жана басма үйлөрү менен талаш-тартыштарды токтотуу үчүн министрлик "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи, ага ылайык, 2017-жылдан тарта Билим берүү жана илим министрлиги автоматтык түрдө мамлекеттик каражаттардын (анын ичинде мамлекетке берилген донорлордук каражаттар да) эсебинен чыгарылган бардык окуу китептеринин автору болуп саналат.

Министрликтин бардык аракеттерине карабастан окуу китептериндеги каталар токтогон жок. 2018-жылдын октябрында чоң ызы-чуу чыккан. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштелип чыккан окуу китептеринде одоно каталар табылган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Андан кийин бул иш министрдин отставкасы коштолду. КББАнын жетекчилиги да алмашты. Координациялык кеңеш өз ишин токтотту.

Ошондон бери, белгилүү болгондой, АӨБ менен Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун алкагында жаңы окуу китептери иштелип чыккан эмес.

2020-жылы министрлик тарабынан окуу китептерине көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн Республикалык "Окуу китеп" илимий-практикалык борборун түзгөн.

2024-жылдын февраль айында борбор жоюлуп, "Окуу китеби" басма үйү менен бириктирилген. Министрлик басма үйү окуу китептерин иштеп чыгуу, экспертизалоо жана ижарага берүү менен алектенерин билдирди.

Акыркы 4 жылдагы жаңы окуу китептеринин абалы (2020-жылдан 2023-жылга чейин)

Окуу китептеринин эскирип бараткандыгы

2019-жылдан кийин АӨБ дагы, Дүйнөлүк банк дагы жаңы окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду ишке ашыра элек. Алардын колдоосу менен мурда жарык көргөн окуу китептеринин көпчүлүгү эскирип, жаңы Мамлекеттик стандартка ылайык келбейт.

Министрлик окуу китептери боюнча өзгөчө укуктарга ээ болгондугуна карабастан окуу китептерин жаңылоого же жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Министрлик каржылоо жок болгондуктан авторлорду тарта албайт. Билим берүү министрлиги мамлекеттик орган катары биринчи кезекте билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты аныктайт. Ал коммерциялык иштерди, анын ичинде басма иштерин жүргүзүүгө укугу жок.

2000-жылдардын ортосунан тарта Кыргызстанда улуттук окуу китептери иштеп чыккан алгачкы жеке менчик басма үйлөрү пайда болду. Ошентсе да, өзгөчө автордук укуктар милдеттүү түрдө министрликке өткөрүлүп берилип жаткан шартта жеке басма үйлөр рыногу өнүкпөй жатканы менен, жеке басма үйлөр жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга аракет кылып келди.

Министрлик жеке басма үйлөрдөн окуу китептерин сатып алууда окуу китептерине болгон өзгөчө укуктарды да өткөрүп берүүнү талап кылат. Бирок, интеллектуалдык менчик басма үйлөрдүн жалгыз менчиги болгондуктан, буга ар бир эле жеке басма үйү макул боло бербейт. Ошого ылайык, жеке басма үйлөрдөн чыккан жаңы окуу китептеринин көпчүлүгү мектептерге жетпей жатат.

Акыркы төрт жылда Министрликтин тапшырыгы боюнча кандай окуу китептери басылды?

Оуу китептери сатып алынган жылОкуу китептеринин аталышынын саны Окуу китептеринин аталышы Жалпы нуска Жалпы баасы (сом)
(экземпляр)
20201Информатика 330 миң 110 млн
7-9 класстар үчүн (кыргыз жана орус тилинде)
(республикалык бюджеттен 120 млн сом бөлүнгөн)
202110-       Физика 7-класс (кыргыз тилинде)172 тыс 54 млн
-       Химия 8-класс үчүн (кыргыз тилинде)
-       2018-жылы басылып чыккан 5 жана 6-класстар үчүн 8 аталыштагы окуу китептерин кайра басып чыгаруу(республикалык бюджеттен 120 млн сом бөлүнгөн)
20221Диндердин өнүгүү тарыхы (кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде)127 миң34 млн
(республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн)
20239-       Алиппе 1-класс үчүн (кыргыз тилинде)738 миң152 млн
-       Физика 7-класс үчүн (орус, өзбек, тажик тилдеринде)
-       Физика 8-класс үчүн (кыргыз тилинде)(республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн)
-       Химия 8-класс үчүн (орус, өзбек, тажик тилдеринде)
-       Информатика 7-9-класстар үчүн (өзбек, тажик тилдеринде)
-       Адам жана коом 7-класс (кыргыз, орус тилдеринде)
-       Адам жана коом 8-класс (кыргыз, орус тилдеринде)
-       Диндердин өнүгүү тарыхы 7-класс (кыргыз тилинде)
-       Диндердин өнүгүү тарыхы 8-класс (кыргыз тилинде)

Жогорудагы маалыматтардан көрүнүп тургандай, окуу китептеринин аталыштарынын тизмеси өтө аз. Кээ бир жылдары 1 аталыштагы окуу китеби чыкса, быйылкы окуу жылында 9 аталыш менен окуу китептери басылган. Мектептеги предметтердин саны (1-класстан 11-класска чейин) 130дан кем эмес экендигин эске алсак, жылына бир нече окуу китептеринин кайталап чыгаруу менен мектептердеги окуу китептерин жаңылоо маселесин чечүүгө мүмкүн эмес.

Акыркы жылдары парадоксалдуу кырдаал түзүлдү – мамлекет окуу китептерине бюджеттик каражаттарды бөлүп берет жана көбөйтүп жатат. Акыркы эки жылдын ичинде каржылоонун көлөмү жылына 152 миллион сомго чейин өстү. Бирок, министрликтин басып чыгара турган эч нерсеси жок, окуу китептери эскирген, басууга жаңы окуу китептери жок.

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында эмнени басып чыгарат?

Азырынча белгисиз. Министрлик тарабынан 2022-жылы бекитилген окуу китептерин экспертизадан өткөрүү боюнча жободо министрлик окуу китептерин басып чыгаруунун 5 жылдык планына ылайык басып чыгарышы керек деп жазылган. Белгилүү болгондой, андай план жок.

Балким, жаңы окуу китептерин 2024-жылы түзүлгөн "Окуу китеби" басма үйү иштеп чыгат. Тажрыйбалуу адистердин айтымында бир окуу китебин иштеп чыгуу үчүн 3 жылдан 4 жылга чейин убакыт кетет. Анда 2024-жылдын сентябрына чейин жаңы окуу китептери иштелип чыгабы?

Оксфорд жана Кембриждин окуу китептери тууралуу дагы бир маселе. Жакында Кыргызстандын мектептеринде Кембриждин 46 окуу китеби окутула турганын Министр Д.Ш. Кендирбаева билдирди. Келерки окуу жылынын башталышына беш ай убакыт калды. Министр жарыялаган 46 аталыштагы Кембриж окуу китептерин которууга, жергиликтүү контекстке ыңгайлаштырууга, иллюстрацияларын өзгөртүүгө жана басып чыгарууга басма үйүнүн убактысы жетеби? Буга чейин Министрлик тарабынан көзөмөлдөнүп басылган бардык окуу китептери каталар менен чыгарылганын эске алсак, жаңы түзүлгөн Басма үйү муну канчалык ийгиликтүү ишке ашыра алат.

2024-2025-окуу жылына окуу китептерин басып чыгарууга буйрутма берүү үчүн министрликте окуу китептерин басып чыгаруу планы болушу керек. Эң азынан, басып чыгарылуучу окуу китептери жаңы, заманбап жана Мамстандартка ылайык болушу керек.

Башка өлкөлөрдө окуу китептери боюнча маселелер кантип чечилген?

Окуу китептери боюнча көйгөйлөрдү чечкен өлкөлөр эмнелерди жасашкан?

Окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн толук жоопкерчиликти жеке басма үйлөргө жүктөйт, алар окуу китептеринин өзгөчө укуктарына ээ болот (мисалы, Эстония, Казакстан, Россия жана башка көптөгөн өлкөлөр). Окуу китептеринин сапаты, жасалгасы, каталары, тираждоо жана керектөөчүгө (мектептерге) жеткирилиши үчүн жеке басма үйлөр 100% жоопкерчиликти алат.

Окуу китептерин сатып алуу жоопкерчилиги мектептерге же жергиликтүү бийликтерге жүктөлөт, анткени, алар окуучуларга жакыныраак болуп, кандай окуу китептери керектигин жакшы билишет; окуу китептери республикалык же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржыланат. Кээ бир өлкөлөрдө окуу китептери ата-энелердин каражатынан камсыздалат (Сингапур).

Окуу китептерин сатып алуунун мындай механизми жеке басма үйлөрдүн ортосунда олуттуу атаандаштыкты жаратат, бул окуу китептеринин сапатынын өсүшүнө түрткү берет.

Окуу китептери боюнча көйгөйлөрдү чечкен өлкөлөр эмнелерди кылган эмес?

Авторлор менен басма үйлөрдүн окуу китептерине болгон өзгөчө укуктарын билим берүү министрлигине берүүгө мажбурлабайт.

Негиздөөчүсү билим берүү министрлиги болгон мамлекеттик басма үйлөрүн түзбөйт, анткени бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келет жана саясий жөнгө салуучу Министрликтин негизги функциясына карама-каршы келет.

Окуу китептерин билим берүү министрлиги аркылуу сатылып алынбайт, анткени бул эффективдүү эмес жана коррупцияга жол ачат.

Кыргызстан окуу китептери менен камсыздоодо көйгөлөр болбогон жана көптөн бери сапаты боюнча маселелер жаралбаган өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеши керек. Окуу китептерин басып чыгаруунун учурдагы тартибин сактоо окуу китептерин басып чыгарууга бюджеттик каражаттардын көбөйүшүнө карабастан, окуу китептеринин жетишсиздигинин өсүшүнө жана сапатынын төмөндөшүнө гана алып келет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15851