Билим берүү министрлиги быйыл 10 эсеге көп китеп басылып чыкканын билдирди
RU

Билим берүү министрлиги быйыл 10 эсеге көп китеп басылып чыкканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып, сентябрь айынан баштап мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп (2022-жылы 123 мин китеп басылган) дешет Билим берүү жана илим министрлигинен.

Жылына республикалык бюджеттен китеп басып чыгарууга каражат бөлүнөт. 2023-жылы китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. (152 млн сом республикалык бюджет, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн каражат).

Быйыл төмөнкү китептер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып таратылат:

  • Алиппе (1-класс)
  • Физика (7-8-класс)
  • Информатика (7-9 класс)
  • Химия (8-класс)
  • Адам жана коом (7-9-класс)
  • Диндердин өнүгүү тарыхы (7-8-класс)
  • Англис тили (Оксфорд басмасынын китептери) (7-8-класс).

Белгилүү болгондой, 2023-2024-окуу жылында бир китептин ижара акысы 25 сомду түзөт жана ал жылына бир жолу тѳлөнөт.

Окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга окуу китептери бекер же жеңилдетилген шарттарда берилет. Аларга беш же андан көп балалуу үй-бүлөдөгүлөр, социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгондор, ата-энесинин бири же экөө тең I жана II топтогу майып болгон үй-бүлөдөгү жана атасы же энеси гана барлар, аскер кызматкерлеринин, аскердик же кызматтык парзын аткарууда каза болгондордун же укук коргоо органдарынын майып болуп калган кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүндөгү окуучулар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар кирет.

Ал эми ижара акысынын 50 пайызын төлөп китеп алуу укугуна 3-4 баласы бар үй-бүлөнүн балдары ээ болот.

Эске салсак, президенттин 2022-жылдын 18-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" жарлыгына ылайык билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын "Учкун" ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган. Мурун китептер жеке басмаканаларда даярдалып баасы бир кыйла жогору болгон

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14276