Аялды өлтүрүп, таштандыга ыргыткан окуя боюнча милиция тактоо киргизди
RU

Аялды өлтүрүп, таштандыга ыргыткан окуя боюнча милиция тактоо киргизди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл ОИИБи Жети-Өгүздө таштанды таштоочу жайдан аялдын денеси табылганын, кылмышка шектелип аны менен чогуу жашаган киши кармалганын маалымдаган. Бүгүн, 5-апрелде облустук милициядан буга чейинки маалыматка тактоо киргизди.

Ага ылайык, маркум менен шектүү чогуу жашаган эмес, болгону айылдаш болгон.

Белгилесек, Кызыл-Суу айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.Б. менен 1987-жылы туулган Т.Кнын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул учурда киши келиндин башына балка менен уруп, мойнун толгоп, жанын кыйып, жансыз денени ашкана бөлмөсүндө тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайдагы челектин жанына калтырып кеткен. Бул туурасында шектүү алдын ала берген көрсөтмөсүндө айткан.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 2 айга камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15878