"Аялым башка". Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айыптоосуна жооп берди
RU

"Аялым башка". Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айыптоосуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көптөгөн унаалары, батирлери бар деген посттор тарап жатат. Министр айтылгандарга жооп берип, депутат Жусупбек Коргонбай уулун жалган билдирүү таратып жатат деп айыптады.

"Депутат Жусупбек Коргонбай уулу туура эмес маалымат таратып жатат. Ал берген маалыматтар бир катар интернет баракчаларына жайылып, "Алымкадыр Бейшеналиевдин көп унаасы бар экен" деп талкуулап жатышат. Маалыматта Кульматова Гульнара Ренатовна Бейшеналиевдин жубайы, ага көп машинелер катталган дептир.

Гульнара Ренатовна менин аялым эмес. Маркум Кульматов Ренатты менин кайнатам дешиптир, бул дагы жалган.

Менин аялым Кульматова Замира Марленовна. Ага 2002-жылы чыгарылган Lexus RX 300 унаасы бар. Мамлекеттик номери 01KG 537 AAY.

Менин кызым Бейшеналиева Салтанат Алымкадыровна. Ага катталган машина 2008-жылы чыгарылган Honda accord, номери 01 KG 906 ANL. Эл өкүлү жалган маалымат таратууну улантып, башка эле адамды менин жубайым кылып салганы абдан осол иш. Анын калптарына ишенбеңиздер", - деди.

Ошондой эле Бейшеналиев жубайы тууралуу маалымат кыстара кетти.

"Жубайым Замира Марленовна эки жыл болуп калды, рак илдетине чалдыгып, Түркияда 9 ай дарыланганын мурда дагы айттым эле.

Учурда Россияда химия алып жатат. Интернетте тарап жаткан жалган маалыматтар оруулуу адамга абдан терс таасирин тийгизет экен.

Такталбаган маалымат менен каралоо кылып жаткандарды ушак таратууда тактап коюга чакырат элем", - дейт министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15891