Алымкадыр Бейшеналиев: Үй, унааларым табылса мен аларды Жусупбек Коргонбай уулуна берем
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Үй, унааларым табылса мен аларды Жусупбек Коргонбай уулуна берем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кайым айтышы өрчүй баштады. 3-апрелде эл өкүлү Парламенттин жалпы жыйынында чоң трибунадан министрди айыптап, бир нече маселеге токтоп, фактылары бар экендигине кесиптештерин ишендирди.

Мындан улам, ошол эле жыйында атайын депутаттык комиссия түзүлүп, 4-апрелде депутаттык топтун курамына кирген эл өкүлдөрүнүн тизмеси өзгөртүлдү. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров үн катып, аткаминер менен депутаттын тартышы боюнча комментарий берди. Анда мамлекет башчы Бейшеналиевди коррупция жана уурулук менен күрөштө тайманбаган министр экенин баса белгиледи.

Бул маселе боюнча Kaktus.kg редакциясына Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маек берип, депутаттын таанышын башкы дарыгер кылбай койгону үчүн тиш кайрып калганын кошумчалады.

Редакция алдыда депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министрге айткан айыптоолорун жана Алымкадыр Бейшеналиевдин редакцияга берген ал айыптоолорго карата жообун толук келтирет.

Алымкадыр Бейшеналиев - Саламаттык сактоо министри: - Жусупбек Коргонбай уулу менден көп ай мурун Ноокат районуна Матисаков дегенди коюп бер деди. Матисаков деген жаш бала менде иштеп кеткен. Мен 1-больницада иштеп жүргөндө иштеп кеткен. Аны мен башкы дарыгер кылып кое албайм дедим. Ошол жерден баштап, ал ошол жерде башкы дарыгердин орун басары болуп иштеп, бузуулар менен кеткен экен. Кийин ал жеке менчик клиникада иштеп жүрүптүр. Мен аны канча жолу суранганынан койбой койгом. Ошондон баштап эле ал мага тишин кайрып калган да.

Жусупбек Коргонбай уулу - ЖК депутаты: - Экинчи аялына, Сабирдинова деген эки кызына, аларга, өзүнө жаздырбастан баласына жаздырып алган. Анан, бул баймын дейт. Бул каяктан бай? Элдин бары билет канчалын Медакадемияда зачет, экзаментерин акча менен берип жүргөнүн. Бардыгы, могу мүлктөрү: 20дан ашык "люкс" унаалар. Land Rover, Lexus 570. 1 миллион доллардан ашык унаараларына автопаркинг. Бул үчүнчу жактарды айтпаганымда. Бул жакын: аялы, баласы, кызына катталган мүлктөр. эмне булар элди жинди деп ойлйобу?

Министр: - Байлыгым боюнча, мен министр болуп жүргөн учурда баарын текшеришкен. Жанакы Түркия, Дубайда (үй) бар деп жатпайбы? Мен айтып коеюн: Коргонбай уулу таап чыкса, мен ошол жерден эле ага белек кылат элем. Ошол замат нотариус аркылуу белекке берет элем. Ошол батирлерди таап чыксын. Ошол замат берем. Ал эми, башка мени жамандап жаткан адамдар да издесин. Эгер, менин чет өлкөдө ошондой батирлерим болсо, ким тапса, ошол адамга белекке берем.

Эркек эмес экен да алчы. Эркек болсо ошондой чоң трибунадан ошондой чоң сөздөрдү айтпашы керек болчу да. Фактылары менен айтышы керек да. Кимге ким каттатып койгон депчи.. Эми, дагы айтып кетерим, унаа боюнча: аялымдын 4,5 миң доллардык 97-жылкы СRVсы бар. Менин 6 мин доллардык унаам бар болчу. Азыр аны 18 жашка чыккан уулум айдап жүрөт. Кызым менен күйөө баламдын эң эски унаасы бар. Улуу балам азыркы кезде Ысык-Көлдө иштеп жатат. Анын деле унаасы жок. Каяктагы унааларды жазып чыкты билбейм. Ошол унааларды тапса, Lexus 570 дегендерди, мен ошолорду ага белекке берем.

Депутат: - Бул үйүнө бекитип, көрүнгөн жерде операцияларды жасап, ал Гиппократтын антын эмес, АКШнын долларына жасап жүргөн операцияларды. Элдин башын айландырбасын! Мисалы: Мед академия менен 47 колониянын ортосунда келишим болгон деп айтты.Мына, менин колумда Бейшеналиевдин да каты, ректор Кудайбергеновдун да каты турат. Мен атайын запрос жибердим. 47 колония менен Мед академиянын ортосунда эч кандай келишим түзгөн эмес. Ал берген интервьюсунда: мен келишимдин негизинде операция кылчу элем деп айтып жатат. Жалганды башка жакка барып айтсын!

Министр: - Мен 2010-2015-жылдарга чейин Ахунбаевдин клиникасынын жетекчиси болчумун. Иса Ахунбаевич Ахунбаев түптөп кеткен жалпы хирургиянын төрагасы болчумун. Азыр кеңеште да иштейм. Ошол Ахунбаев клиникасы мурунку республикалык оорукана болгон үчүн бардык жактан келген оор бейтаптарды бул жакка консультацияга алып келет. 47 колониядан дагы бизге алып келип турчу. Депутат история болезнини көтөрүп чыксын. Ал жакта бүт бары кимге операция кылганыбыз катталган. Биз алардан кимге операция кылып жатабыз деп сурап да койбойбуз.

Билем, бирөө келген экен. Өмүр бою соттолгон адам алвиякоккоз болуп боорунан. Ошону операция кылгам. Андан башка да түрмөдө жаткандар келген - операция кылгам. А, калгандары келип жатканда мен сураган эмесмин. Экинчиден - бул хирургия дегенди билбейт экен. Үйдөн эч ким операция кыла албайт. Биринчиден наркоз бериш керек. Ага апаратура керек. Экинчиден - операционный-хирургический инстурменттер болот. Жөн эле Жусупбайдын, Коңурбайдын үйүндө жаткан бычак менен кесип койсоң адам сепсис болуп өтүп калат. Ошондой кылган болсом, айтып жаткан кишилер мени соо калтырбайт болчу. Эмне үчүн дегенде асептик, антисептик дегенди түшүнбөйт экен ал. Хирургиялык таңуу да болбойт. Операция кылганда септик, антисептиктерди көзөмөлдөп анан кылат. Үйдөн операцияга өлөм деген киши да макул болбойт. Такыр түшүнүгү жок экен да.

Депутат: - Алымкадыр Бейшеналиевди айтар элем: бул киши жумушка келгенден бери президенттин ишенимине кирип, анын атын сатып, мамлекетте эң маанилүү деп саналган Саламаттык сактоо тармагынын жалпы системасын талкалап бүтмөй болду. Убакыт тар болгон үчүн бир аз фактыларды гана айта кетейин. Биринчи: мен өткөндөгү сессияда айткам: бул ОПГ менен түз байланышта. Мен ар бир сөзүмө депутаттык төш белгим жок болсо дагы далил менен жооп берип жүргөн жигитмин.

Министр: - Эмне үчүн дегенде биз тойго барып калганда ким бандит, ким бандит эмес деп айырмалай албай калам. Анткени биз интернатты бүткөнбүз. Анда интернаттын көбү министр, депутат, премьер-министр болгон. Көбү да бандит болуп кетишкен. Алардын көбү мага келип, жаш кезде, муктаждык болуп жатканда операция кылып берчүмүн.

Депутат: - Дөө Чыңгыздын балдарынын бири азыркы кезде министрдин кеңешчиси, оң колу болуп турган Ренат Мавлянбек уулу деген жигит бар. Бул жигит өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Болгону "зубной техник". Бирок, Алымкадыр Бейшеналиевдин төрт орун басарына карабастан жалаң кадр маселелерин жана башка "кара" иштерин ушул жигит аркылуу бүтүрөт. ОПГдан келген соттук медициналык экспертизалардын барын ошол Ренат бүтүрөт. Убагында Азиз Батукаевди жасалма медициналык документ менен Кыргызстандан коштотуп чыгарып жиберген болчубуз. Азыр соттук-медициналык мафиянын аркасынан ОПГлардын чыгып жатпаганына эч кандай кепилдик жок.

Бул министрдин кеңешчиси Ренат активдүү ОПГнын мүчөсү Момунов Маманазар Орунбекович деген болгон. Мурда көп жолу оор кылмыш менен жоопко тартылган. ОПГлардын түрмөлөрдө маселеси болсо ушул бала аркылуу Ренатка чыгышат. Ренат соответственно министр менен керектүү медсправка, керектүү кагаздардын барын даярдап беришет. Мына! Дагы эмне факты керек? Текшерчү кызматтар текшерсин.

Министр: - Мен "Алтын балалыкта" иштеп жүргөндө мага башкы дарыгердин орун басары керек болду. Ошондо сунуштаганда бул бала келип, "Алтын балалыкта" биз чоогу бир жыл Сириядан келген, андан кийин 5 миңге жакын балдарды чоогу эс алдырдык, лечение кылдырдык. Андан кийин мен министр болуп келгенде аны мен ордуна алып барып эле башкы дарыгер кылып коюп коймокмун. Анын ордундагы адамды менден кийинки министр жөн эле жерден күнөөлөп туруп, кызматынан бошотуп тыштаган. Азыр ал менин жанымда кеңешчи, жардамчы болуп жүрөт. Ал да депутатты сотко берип жатат. Эмне үчүн дегенде аны ОПГнын мүчөсү кылып койду да. Ал эң момун бала да. Кантип ал жанымда жүрөт бандит деп койду да. Мен бул баланы билем, бир жылдан бери чогу жашадык.

Ренат Мавлянбек уулу - Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчи, жардамчысы - Мен Алымкадыр Савирдинович министрдин кеңешчиси болуп ал экинчи жолу министр болуп келгенде кеңешчиси болуп сентябрда назначение болгом. Ага чейин, 2009-жылы "Кыргыз-Орус Славян" университетинин стоматология факультетине тапшыргам. 2014-жылы ал окуу жайды бүтүп, 2016-жылы Улуттук ооруканадагы бет-жаак хирургиясында ординатураны бүткөм. Ошол жылдан баштап 2021-жылга чейин Бишкектеги 6- тиш даарылоочу эмканасында дарыгер-хирург болуп иш алып баргам. Ал эми 2021- жылдын аягына чейин башкы дарыгердин орун басары болгом. 2021-ден 2023-жылга чейин ошол мекемеде башкы дарыгерликти аркалап келгем. 2023-жылы марттан баштап мен "Алтын балалык" реабилитациялык борборунда директордун орун басары болуп иштедим. Азыр, биздин урматтуу депутат айтып жаткан "бул зубной техник", бир да жлду мамлекеттик кызматта иштеген эмес дегени чындыкка туура келбейт.

Анан ал каралар дүйнөсү боюнча дагы Чыңгыз Дөөнүн уюшкан кылмыштуу тобунда мүчө деп айтыптыр. Мен эч качан Дөө Чыңгызды көргөн эмесмин. Алар менен эч кандай байланышым да жок. ОПГнын активдүү мүчөсү болсом бир картотекада же укук коргоо органдарынын тизмесинде турсам керек элек да. Биз бул жакка жумушка кирип жатканда дагы бардыгын: соттолгонбу, жокпу тешкерет экен. Андай жакка эч кандай тиешем жок. Анан, түрмөлөргө барып, справкаларын жасап берет экен деп айтты. Мен ушул жашка келгени бир да жолу түрмөгө кирип, жолугушуларга катышып, кирип көргөң эмесмин.

Депутат: - Түштүктө анын Абдрахманов Шаятбек Түлөнбаевич деген "капчыгы" бар. Беш миң доллардан 45 миң долларга чейин кызматтын "ставкалары". Облустук оорукананын башкы дарыгери үч бөлмөлүү батирин 45 миң долларга сатып берген экен, бөлүм башчыларынын баарын чогултуп алып айтыптыр: Мен 45 миң доллар министрге бердим. Болдум. Эми, урматтуу бөлүм башчылар, бир кварталда ушул акчаны чогултуп беришиңер керек. Чогулта албаганың арызыңды алып кет деп. Албетте, бөлүм башчылар жөнөкөй калкка барып жүк кылат. Туура айтамбы же туура эмес айтамбы?

Андан кийинки: Бул жерде күмөндүү фамилиялар толтура менде. Катарынан окуй берсем өтө көп убакыт кетет. Анча-мынчасын эел айтайын. Ниязбеков Анарбек Кулназарович - Жайыл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы. Бул киши ОПГнын кылмыштуу топтору менен байланышта болуп, алардын жабыркагандарына дайыма жашыруун түрдө Алымкадыр Бейшеналиев экөө чоогу операция жасап жүргөн. Азыр, анча-мынча ОПГга байланышы бар кызматкерлерди жумуштан алгыла десе, анын өзүн жумуштан алып туруп, хирург кылып коет да, ошол хирургдун эле баласын бөлүм башчы кылып коюп коюптур. Бул эмне деген көз боемочулук?!

Министр: - Жана айтып жаткан Кара-Суунун дарыгери Дамира Бекматова эч качан сотко тартылган эмес. Ал күбө болуп барган. Ага чейин мурдакы министрге орун керек болуп калып, ошол жерге өзүнүн таанышын алып барып койгон ачык айтканда. Жогорку сотту утуп алып мага келгенден кийин мен соттун чечимин аткарышым керек. Алып барып ордуна коюп койдум. Иштеп жатат. Аны деген ОПГ менен байланышы бар, тиги-бу деп, КГБ тешкерет. Эч нерсе тапкан жок. Анан справка алгандан кийин гана өз ордунда иштеп жатат.

Ошондой эле Ош облусттук оорукананын бул абдан чоң ката кетирди да. Ош облустук ооруканада Жумалиев Атабек деген иштеген. Көп жылдан бери башкы дарыгердин орун басары болчу. Глав врач башка ишке көтөрүлгөндөн кийин, анынордуна орун басар башкы дарыгер болду. Ал азыркы кезде ойлоп жатам ал да сотко берем деп жатат. Эмне үчүн дегенде 45 миң доллар чогултуп жатат деген сөздө фактылар жок болгону үчүн сотко берем деп жатат. 5 Адам арыз жазып, жактоочулар менен өткөрөбүз дейт. Өткөрсүн.

Сотто дадилдесин. Сотто далидесин. Мен аны 1 сомго бергем. Бирок, жактоочум 10 миң деп коюптур. Мен аны 1 эле сомго баалагам. Эми балдардын бары 100 миллион сомдон беребиз дейт. 100 миллиондон сотту утуп алып туруп оорукана салабыз деп мага бешөө айтты. Бергиле дедим. Эгер ошентип, акчасы көп болуп депутат болуп жүргөн болсо, 100 миллион сомдон берсе, 500 миллион сомго борбордо заманбап оорукана келет да, ошону курабыз. Кудай буюрса.

Депутат: - Могун бүгүнкү күндө айтылгандардан кийин мага демек түгүл Гаагадагы трубунага берсин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15863