Мамлекеттик нотариус каза болгон кишинин 3 баласын мурассыз калтырган деп шектелди
RU

Мамлекеттик нотариус каза болгон кишинин 3 баласын мурассыз калтырган деп шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жетим балдарды мурастан ажыратты делген нотариуска кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматында айтылат.

Бишкектин Биринчи Май районунун прокуратурасы тарабынан балдар жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча Биринчи Май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүлгөн.

Анда 2021-жылдын 18-октябрында Биринчи Май районунун мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу тарабынан А.Э. аттуу жаран каза болгондон кийин анын жашы жете элек 9 баласына кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мурастоо жөнүндө күбөлүктөрү берилип, бирдей бөлүштүрүлгөн.

"Бирок ошол эле күнү жетим балдардын камкорчусу Ж.Н. тарабынан мураска калтырылган мүлктү алдын ала пайдасыз ыктыярдуу бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу түзүлүп, ага ылайык жашы жете элек А.Д. (2004-жылы туулган), А.А. (2007-жылы туулган) жана А.М. (2012-жылы туулган) мураска калтырылган мүлккө болгон укугунан толугу менен ажыратылган", - деп айтылат маалыматта.

Макулдашуу нотариус тарабынан аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын макулдугусуз катталып, жогорудагы 3 баланын мураска калтырылган мүлккө болгон укуктары бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына тапшырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15902