Баткендин башчысы облустук футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланды
RU

Баткендин башчысы облустук футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде облустук футбол ассоциациясынын жалпы жыйыны өтүп, анда жаңы президент шайланды. Президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйында футбол ассоциациясынын төрагасы Айбек Ражапов Баткен облусундагы футболдун абалы боюнча кеңири маалымат берди.

Белгилесек, Садыр Жапаровдун "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгында аймактык футбол ассоциацияларынын президентинин кызмат ордун облус башчысы ээлей тургандыгы белгилен.

Ага ылайык, ассоциация мүчөлөрүнүн добушу менен Баткен облустук футбол ассоцациясынын президенттигине Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев шайланды. Ал эми биринчи вице-президент болуп Айбек Ражапов, вице-президенттикке облус башчынын орун басары Тимур Мадяров шайланды.

Жыйында президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча аймакта футболду өнүктүрүү багытында жетишкендиктер жана көйгөйлөр кеңири талкууланып, сунуш пикирлерди эске алуу менен бир катар чечимдер кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15906