Кыргызстанда футбол өнүгөт. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду
RU

Кыргызстанда футбол өнүгөт. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "2024-2034-жылдарга Кыргызстанда футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Бул жарлыктын негизги максаты - калктын түрдүү катмарын массалык түрдө футболдук иш-чараларга үзгүлтүксүз тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, профессионал футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулуу сезимин ойготуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылат. Ушуга байланыштуу жарлык менен Министрлер Кабинетине Кыргыз футбол союзу менен биргеликте 2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун даярдоо жана бекитүү тууралуу тапшырма каралган. Программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу бул чөйрөдөгү болгон көйгөйлөрдү оптималдуу чечүү болуп саналат.

Комплекстүү мамиле футболду өнүктүрүүнүн бардык аспекттерин эске алууга, тигил же бул иш-чаралардын артыкчылыгын аныктоого, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, коомдук уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн катышуусун кароого мүмкүндүк берет. Бул ыкма программалык иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Программанын милдети футболду өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү, коомдун турмушунда футболду активдүү жайылтууга көмөктөшүү, калктын ар кайсы катмарына спорт менен машыгуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу болуп саналат. 

Программалык иш-чаралардын системасын ырааттуу жүзөгө ашыруу коомдук жана башка дене тарбия-спорттук уюмдардын бул иш-чараларга катышуусун активдештирүү менен бирге Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды күчөтүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Эске салсак, эртең, 26-мартта Кытайлык Тайбэй курама командасы менен Кыргызстандын курама командасы беттешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15792