Бала бакчалардагы балдардын тамагы мамлекетке жүктөлөт
RU

Бала бакчалардагы балдардын тамагы мамлекетке жүктөлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 11-апрелде бала бакчалардагы тамак-ашка ата-энелерди толук төлөп берүүгө милдеттендирген норманы четке кагуу боюнча сунушталган "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, талкуусуз эле үчүнчү окууда жактырышты.

Белгилесек, мыйзам долбоору бала бакчаларда балдарды тамак-аш менен камсыздоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү карайт.

Буга чейин кол коюлган мыйзамга ылайык, бала бакчадагы балдарды тамактандыруу ата-энелердин мойнуна жүктөлгөн. Ал арада Билим берүү жана илим министрлиги балдардын ата-энеси тамак-ашка бөлгөн сумманы бекитүүнү сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15913