Депутаттар мектеп тамагын жокко чыгарууну сунушташууда. Ата-энелер эмне дейт?
RU

Депутаттар мектеп тамагын жокко чыгарууну сунушташууда. Ата-энелер эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын декабрь айы депутаттардын бир катар сунуштары менен эсте калды. Алардын бири эл өкүлү Айгүл Айдарова баш болгон депутаттар мектептердеги балдардын тамагына бөлүнгөн каражаттарды токтотууну сунушташкан.

Депутат сунушун балдардын тамагына бөлүнүп жаткан мамлекеттин акчасы сол чөнтөккө кетип жатканы менен байланыштырган. Бирок, эл өкүлдөрү мектептеги балдардын тамагынын акчасына кол салгандар менен, жемкорлук менен күрөшүүнүн ордуна аны толук жоюп салуу керек экенин айтышууда.

Мындан улам kaktus редакциясы ата-энелердин оюу кандай экенин билип көрдү.

Сурамжылоого катышкандардын дээрлик бардыгы балдардын тамагына бөлүнгөн каражатты жоюп салуу туура эмес дешет. Анткени, билимдүү балдарды тарбиялоо үчүн алардын тамак-ашына тескерисинче көңүл буруу керек. Себеби, ачка бала билимди эмес, тамакты ойлойт дешет алар. Ошондой эле коомчулуктун көпчүлүгү депутаттардын арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз деген мисалдары менен да келишпейт. Себеби, мурун экология, арыктан аккан суу алда канча азыркыдан таза болчу деп эл өкүлдөрүн сынга алышты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ноябрь айында: учурда өлкөдө 600 миңге жакын бала ысык тамак менен камсыздалды жана аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт деп билдирген. Даана так, канча акча балдардын тамагына сарпталаарын айткан эмес.

Билим берүү жана илим министринин маалымат катчысы 2023-жылы балдардын тамагына бөлүнгөн каражаттын суммасын тактап берген жок.

Ошол эле маалда каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева министрлер кабинети калориялык норманы эсептеп чыкканын, баланы нормага туура келген бир маал тамак менен камсыз кылуу үчүн күнүнө 19 сом керектелерин билдирген болчу. Анын айтымында, мектеп окуучуларын, мектеп-интернаттардын балдарын, музыкалык мектептерде окуган балдарды жана спортчуларды тамак-аш менен камсыздоо үчүн 3,5 миллиард сом керектелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15281