Дөө Чыңгыздын өлүмү. Айыпталуучуларга өкүм чыкты
RU

Дөө Чыңгыздын өлүмү. Айыпталуучуларга өкүм чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 12-апрелде Дөө Чыңгыз каймана аттуу кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум уланды. Кылмыш иши боюнча жалпы 9 адам айыпталуучу катары өтүүдө.

Соттук отурумдардын биринде прокурор айыпталуучулардын баарын күнөөлүү деп таап, айрымдарын өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Сотко төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларга акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк берди.

  • Бишкектеги СИЗО-1дин башчысы Данияр Шүкүров күнөөсүн моюнга албай турганын, соттон гумандуу чечим чыгарууну суранды.
  • Санжар Сапарбеков жабырлануучунун жакындарына кайрылып: "Иниңиздердин, жолдошуңуздун жана балдардын атасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтам. Мен муну кылган эмесмин, сиздер баарын билесиздер деп ойлойм. Мен жактоочумду колдойм, башка айтарым жок".
  • Эрнис Кубанычбеков: "Күнөөнү моюндабайм жана мыйзамдуулукту суранам".
  • Мухамед Замирбеков: "Мен күнөөнү моюнга албайм жана адилеттүүлүктөн үмүт кылам".
  • Сыймык Биримкулов: "Акыйкаттык сурайм, башка сөзүм жок".
  • Доорон Асанбек уулу Чыңгыз Жумагуловду өлтүргөнүн моюндап: "Мен сот залында көрсөтмө бердим, калгандарынын баарына жалган жалаа жабылды, мен сот залында чындыкты айттым".

Жаза аткаруу кызматынын айыпталган кызматкерлери:

  • Турусбек Жусупов: "Соттон адилеттүлүктү суранам, баары интригадан болду. Убакыт баарын көрсөтөт. Соттук отурумга капысынан түшүп калган жигиттерден кечирим сурайм. Баарыбыздын акталып чыгышыбызды суранам".
  • Туратбек Айталиев: "Акыйкаттыкты суранам".
  • Майрамбек Алтымыш уулу: "Акыйкаттык сурайм, күнөөм жок".
  • Тилек Жунушалиев: "Акыйкат сурайм".

Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип, саат 17:00 чамасында өкүмдү окуду.

  • Бишкектеги СИЗОнун жооптуу кызматкери Данияр Шүкүров күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөнү өкүм кылды;
  • Санжар Сапарбеков 17 жыл 3 айга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилип, 15 миң сом айып салынды;
  • Эрнис Кубанычбеков күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылып, 1500 айлык эсептик көрсөткүч (150 000 сом) айып салынды;
  • Мухамед Замирбеков күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияга кесилип, ошондой эле 1500 айлык эсептик көрсөткүчтө айып салынды;
  • Сыймык Биримкулов 20 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөгө милдеттендирди;
  • Дооронбек Асанбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөөгө милдеттендирди;

СИЗОнун кызматкерлерине:

  • СИЗО-1дин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Турусбек Жусупов 10 миң эсептик көрсөткүч (1 миллион сом) айыпка жыгылды;
  • Туратбек Айталиев, СИЗО-1дин ыкчам кызматкери - 10 миң эсептик көрсөткүч (1 миллион сом) айыпка жыгылды;
  • Майрамбек Алтымыш уулу СИЗОнун оперативдүү кызматкери - бир жылга эркинен ажыратылып, бирок мунапыска байланыштуу жазадан бошотулду;
  • Тилек Жунушалиев - 1 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс колдонулгандыгына байланыштуу сот аны жазадан бошотту.

Эске салсак, 2022-жылдын 30-июлунда уюшкан кылмыштуу топтун лидери, Дөө-Чыңгыз каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги СИЗО-1де өлтүрүлгөн. Кылмыш ишибоюнча сот 2023-жылдын март айында башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15927