Дөө Чыңгыздын өлүмүн Жазаларды аткаруу кызматы өзгөчө кырдаал деди
RU

Дөө Чыңгыздын өлүмүн Жазаларды аткаруу кызматы өзгөчө кырдаал деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков журналисттерге кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, Жумагуловдун өлүмү боюнча топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөн.

"Ооба, бул кылмыш болгонун моюнга алабыз. Учурда ЖАКтын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Мындай фактылар кайталанбашы үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз деп айта алам. Бул өзгөчө кырдаал болгон", - деди ал.

Белгилей кетсек, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө 7 адам шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9521