Кыргыз дипломатынын үйүнө бастырып кирүү. Россия тарап окуя боюнча комментарий берди
RU

Кыргыз дипломатынын үйүнө бастырып кирүү. Россия тарап окуя боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкеринин үйүнө полициянын бастырып киргени боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова комментарий берди.

Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги окуя 8-апрелдеги "профилактикалык иш-чара" учурунда болгонун билдирди.

"Нижегородская көчөсүнүн жашоочуларынын бири укук коргоо кызматкерлерине миграциялык каттоого туруу боюнча документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, анын күйөөсү элчиликтин кызматкери экенин айткан. Алтургай, интернетте күч кызматкерлери дипломат Манас Жолдошбековдун батирине кулпуну бузуп киргени кабарланган. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Россиянын Ички иштер министрлиги маалыматты жана коопсуздук күчтөрүнүн мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерин текшерүүдө.

Бөлүмдүн өкүлү өзүнчө белгилегендей, азырынча күч колдонуу жана эшикти сындыруу тууралуу маалымат четке кагылды. Бирок расмий текшерүү гана кырдаал боюнча бардык чындыкты ачыкка чыгарат", - деген Ирина Волк.

Ал эми Мария Захарова Россия Вена конвенциясына берилгендигин, дипломатиялык макамды сыйлай турганын айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын эки министрлигинин өкүлдөрүнүн комментарийин канааттануу менен кабыл алганын маалымдап, төмөнкүдөй жооп кылды.

"Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волктун кызматтык иликтөө аяктаганга чейин жана кылмыштын бардык жагдайлары аныкталганга чейинки маалыматтык билдирүүсүнүн мазмуну суроолорду жаратат.

Анда полиция Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкеринин батирине кирген эмес, эч кимге физикалык жана психологиялык жактан таасир этпегени айтылат. Бул билдирүүдө балдары менен кошо жабыркаган аял окуянын күнөөкөрү дегени көрүнүп турат. Бул логикага карама-каршы келет.

Кызматтык текшерүү полиция кызматкерлеринин төш камераларындагы видеолор жана Кыргызстандын элчилиги тарабынан Россиянын Тышкы иштер министрлигине берилген фотоматериалдарын эске алуу менен ыкчам, объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүлөт деп күтөбүз", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгилесек, 8-апрелде Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине эки полиция кызматкери мыйзамсыз кирип, анын Москвада жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун текшермекчи болгон. Күч кызматкерлери кулпуну, кире бериш эшигин бузуп, миграциялык каттоо баракчасын көрсөтүүнү талап кылышкан. Дипломат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык документтерди көрсөткөндөн кийин да полиция миграциялык каттоо боюнча документтерди берүүнү талап кылганы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15936