Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкеринин үйүнө полиция мыйзамсыз кирген
RU

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкеринин үйүнө полиция мыйзамсыз кирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада Кыргызстандын элчилигинин кызматкеринин батирине полиция кирип, анын үй-бүлө мүчөлөрүн сабап салышканы айтылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Россиянын элчилигине нота тапшырды.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, 12-апрелде КРнын Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүндө Россиянын элчилигинин консулдук кеңешчиси Андрей Бурьевой менен жолугушуу өттү. Анда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерине кол салуу тууралуу маалымат талкууланды.

Жолугушууда кыргыз тарап Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясынын 1961-жылдагы жоболорун одоно бузуп, элчиликтин кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредиттелген кызматкерлерине карата Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан мындай аракеттерге жол берилбейт жана кылдат иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жоопкерчиликке тартууну талап кылат", - деп белгиледи Тышкы иштер министрлиги.

Консул Андрей Буревой болуп өткөн окуяга өкүнүчүн билдирип, Россиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан расмий нота алганын, анын негизинде учурда текшерүү жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча кыргыз тарапка маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин 8-апрелде Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине эки полиция кызматкери мыйзамсыз кирип, анын Москвада жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун текшермекчи болгон. Күч кызматкерлери кулпуну, кире бериш эшигин бузуп, миграциялык каттоо баракчасын көрсөтүүнү талап кылышкан. Дипломат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык документтерди көрсөткөндөн кийин да полиция миграциялык каттоо боюнча документтерди берүүнү талап кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15923