Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча милиция маалымат берди
RU

Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Алардын маалына караганда, Тукунов бир күн мурун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан кармалган. Учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунун тергөө судьясы ага карата баш коргоо чарасын карап жатат.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Тукунов массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалды.

"Социалдык тармактарга жана интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда активист Аламүдүн районунун тургуну Т.А аттуу жаран Фейсбук социалдык тармагында коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жаткандыгы аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, Тукунов тараткан материалдарда массалык нааразылык акцияларына, баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырган белгилер бар", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча 37-278-беренесинин (Массалык баш аламандык жасоого аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15983