"Кумшекердин баасын колго алам!" Казинолорго каршы активист чиновник болду
RU

"Кумшекердин баасын колго алам!" Казинолорго каршы активист чиновник болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казинолорду мыйзамдаштырууга каршы чыгып жүргөн активист Акжолтой Тукунов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Facebook баракчасында билдирди.

Маалыматты редакцияга айтылуу кызматтан тастыкташты.

Аны бул кызматка дайындоо боюнча буйрукка 30-июнда кол коюлган.

"4-июлдан тарта иштей баштадым. Керектөөчүлөрдүн укугун коргойм. Укуктары бузулган адамдар 24 саат бою фейсбуктагы баракчам аркылуу байланышса болот. Кандай гана кайрылуу болбосун, маселени чечүүгө болгон күчүмдү жумшайм", - деди активист.

Ошондой эле билдирүүсүнүн алдына телефон номерин калтырган: 0312 56 62 32.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7389