Сот Акжолтой Тукуновдун кармалышын мыйзамсыз деп тапты
RU

Сот Акжолтой Тукуновдун кармалышын мыйзамсыз деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Массалык баш аламандыкты уюштурган чакырык жасаган деп айыпталган активист, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун кармалышы мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Белгиленгендей, Аламүдүн районунун тергөө судьясынын 19-апрелдеги токтому менен Акжолтой Тукуновдун айыпталуучу катары камакка алынышы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптары одоно бузулгандыктан мыйзамсыз жана негизсиз деп табылган. Соттун чечими менен айыпталуучу Тукуновго карата 16-июнга чейин эч жакка чыкпоо түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулду.

Белгилесек, Тукунов Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15987