Селден улам Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Селден улам Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Кечээ, 21-апрелде түнкүсүн президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Анда селден улам өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Белгилесек, 20-апрелде Ош облусунун бир катар райондорунда сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бир катар жолдор тосулуп, кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Кара-Кулжа районунда Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында сел жүрүп, бир эркек, эки аял жана бир бала бараткан унааны агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар аялдар менен баланы сактап калышкан, бирок эркек адам каза болгон.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында да сел жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15998