Издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалды. Видео
RU

Издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

KG Group компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов УКМК тарабынан кармалды. Коопсуздук комитеттен маалымдашкандай, Ташов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн.

Белгилүү болгондой, И.Ташов 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалды.

"Тактап айтканда, И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК тарабынан 1983-жылы 2-августта туулган Ташов Имамидин Асамидинович коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырган деп шек саналып мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

"Ташов бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган", - дешет УКМКдан.

Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15999