Акылбек Жапаров: Президентти колдоо деңгээли 82% түзөт
RU

Акылбек Жапаров: Президентти колдоо деңгээли 82% түзөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык изилдөөлөргө ылайык (IRI) Кыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82% түзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясында билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы 1 жыл мурун бул көрсөткүч 86% түзгөнүн, бул мындан ары да реформаларды жүргүзүү үчүн күчтүү мандат экенин айтат.

"Менин түшүнгөнүм боюнча, бул биздин өлкөнүн тарыхында гана эмес, азыркы дүйнөдө да чыныгы рекорддук деңгээл. Биз, президенттин командасы - социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында жетишилген олуттуу ийгиликтерге сыймыктанабыз. Биз өлкөнүн ички дүң продукциясын эки эсеге көбөйттүк", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16031