БШКга Мадумаров боюнча соттун чечими түштү. Ал мандатынан ажыратылышы мүмкүн
RU

БШКга Мадумаров боюнча соттун чечими түштү. Ал мандатынан ажыратылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечими БШКга түштү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-апрелде Мадумаровдун депутаттык мандаты боюнча маселени кароого ниеттенүүдө.

Соттун чечими менен Адахан Мадумаров күнөөлүү деп табылды. Бул "Шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 46-беренесинин негизинде ал мандатынан ажыратылышы мүмкүн дегенди билдирет. Анткени шайланган талапкерди каттоо соттун өкүмү чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат деп жазылган.

Жазык-процесстик кодекстин 400-беренесинде биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылган күндөн тартып 30 сутканын ичинде, ал эми камактагы айыпталуучу тарабынан – ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн.

Кылмыш-процессуалдык кодекстин 439-беренесинде апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт.

Ага ылайык, Мадумаров соттун чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча гана талаша алат, ошондой эле эл аралык сотторго кайрыла алат.

*****

Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда камакка алынган. 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган.

Кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын кассасынан 50 миң доллар алган деп айыпталган. 26-октябрда Мадумаров ооруканага которулган. 3-ноябрда кайра СИЗОго которулган.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровдун ишин карап, "мамлекетке чыккынчылык" жана "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу депутатты жазадан бошоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16039