Жогорку сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты
RU

Жогорку сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Себеби, Жогорку соттун соттук коллегиясы Административдик жана Бишкек шаардык сотунун чечимин колдоду. Буга ылайык, Атазов мандатынан кол жууду.

Эске салсак, Атазов 2022-жылы депутаттыкка Свердлов шайлоо округунан аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон болчу. Муртазалиев баарынан көп добуш алганы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Буга ылайык, мандат экинчи орундагы Атазовго берилген. Ал эми Муртазалиев сотко даттанган, эми БШК мандатты Муртазалиевге береби-жокпу азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16057