"Сиз кан досу болгонсуз". Шайлообек Атазов башпрокурордун Матраимов менен байланышын айтты
RU

"Сиз кан досу болгонсуз". Шайлообек Атазов башпрокурордун Матраимов менен байланышын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-марттагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов дарегине карата айтылган кептерге жооп берип, агынан жарылды. Эл өкүлү Түркияга дарыланууга кеткенде аны каралоо аракеттери болгонун айтты.

"Бир аптадан бери мага карата кара пиар көп болуп жатат. Ушуну кимдер уюштуруп жатат? Блогерлер, журналисттердин артында кайсы саясатчылар турат? Же эл аралык кылмыштуу топ барбы? Адам ооруганда дарыланууга акысы бар да туурабы? Мен 15 күн дарыланып келсем болбойбу? Ошону дагы ызы-чуу кылдыңар.

Урматтуу, фейктер, анын артында тургандар, эки жүздүү саясатчылар, аферисттер! Кечээтен бери "Атазов митин уюштурат" экен деп жатасыңар. Митингди өзүңөр уюштурасыңар! Мен өмүр бою мамлекетчил болуп келгем. Мамлекеттин туусу үчүн, спорт үчүн кыргыз желегин дүйнөлүк аренада кучактап ыйлаган баламын. Тилегиңерди таш капсын", -деди ал.

Шайлообек Атазов башпрокурор Курманкул Зулушевди сынга алып, анын отставкасын талап кылды.

"Матраимов менен байланышы жок азыр кайсы саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовдон башка адамдар менен да байланышкам. Анткени спортчуларга өкмөттөн тышкары көп нерсе керек экен.

Матраимов менен байланышы бар эң жоон тизмени айтпай эле коёюн. Бирок "киттерди" айтып коёюн. Мына башпрокурор Зулушев, сиз өзүңуз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө Райым досум келгенче жебей тургула деп отурбадыңыз беле.

Сиз 3 жылдан бери прокурор болуп отурасыз. Эгер ал киши (Райымбек Матраимов) чоң кылмышкер болсо көрбөй калдыңызбы? Муфтиятты ачып жатканда эле кармап албайт белеңиз. Жеңишбек Шермаматович (Токторбаев) экөөбүздү алып кеттиңиздер ушул жерден. Эки прокурорду алып кеткенден кийин ушундай адамга күчүңүз жетпей калдыбы? Мына Башкы прокуратурада 700 миң долларды сейфтен алып, казино ойноп отурат кызматкериңиз. Ошол үчүн да кызматта отурганга моралдык акыңыз жок болчу.

Прокуратура жыл сайын 300гө жакын адамга мыйзамсыз иш козгоп, алар сот тарабынан акталып чыгат. Үч жыл 900 адамдын тагдыры менен ойнодуңуздар. Анын ичинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге да иш козголгон. Азыр акталып, министр болуп отурат!

Мени ага, буга байланышы бар дебей эле ачык айтып коюш керек эле.

Урматтуу депутаттар, Башкы прокурор жылына бир жолу парламентке отчёт бериши керек. Ал журналисттерди Башкы прокуратурага чакырып, аларга маалымат берип, бирок бизге көңүл бурган жок. Биздин президент ким Садыр Жапаровбу же Зулушевби? Бизди бул жерден алып кеткени үчүн жооп бериши керек болчу.

Эч ким билбейт, бирок менин тарапташтарымды 32 күн кармашты! Бул тууралуу алты ай айтышкан жок. Түндө Улуттук коопсуздук кызматына барам. Бирок алардан эч нерсе табышкан жок, урматтуу прокурор. Анда Матраимов менен байланышыңыз үчүн сиз да кызматтан кетиңиз! Сиздин башкы прокурорлук кызматты ээлегенге моралдык укугуңуз жок!", - деди Атазов.

Башкы прокурор депутаттын билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15716