Шайлообек Атазов башкы прокурорду кызматтан алууну талап кылды
RU

Шайлообек Атазов башкы прокурорду кызматтан алууну талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Атазов президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал "Курманкул Зулушевди кызматтан алуу мезгили келди" деп эсептейт.

"Зулушев 3,5 жылдан бери карапайым элди кыйнап, канчалаган адамдардын өмүрүн кыйды", - деп жазат Атазов. "Ушул себептерден улам Башкы прокуратура мыйзамсыз түрдө жеке ишканаларды текшерип жатат, Зулушев желмогузга айланды.

Зулушев башкы прокурор болгондон бери 3,5 жылдын ичинде прокуратура 900 адамга мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон. Элдин саламаттыгы менен ойноду, бирок прокурорлор жазаланган эмес. Зулушев ага көңүл бурган эмес.

Зулушов- көп жыл бою Райым Матраимовдон миллиондогон доллар финансылык жардам алып, кан досум деп УЧА тартып жүргөн. Дубайга бир нече прокурорлор менен барып кымбат белектерди алдырган. Матраимов менен байланышы барларды тазалайбыз-деген саясат элди алаксытуу болбосо, анда тазалоону Зулушовдон баштасаңар эл ишенмек??!

Эмне үчүн апрелде өткөн жана 3 жылдан бери Ош, Кара- Сууда өткөн шайлоолордо Зулушов түздөн-түз шайлоо компаниясына кийлигишип келе жатат?!... Добуш сатып алуулар боюнча прокуратурага кайрылган карапайым элдин арызын жаап коюуда? Баш прокуратураны саясий штаб кылып иштетүүдө", - дейт ал.

Эске сала кетсек, 7-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16109