Президент кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады
RU

Президент кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

"Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери жана кымбаттуу оорук эмгекчилери! Урматтуу кыргызстандыктар!

Фашисттик баскынчыларга каршы Улуу Ата Мекендик согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя. Мына ошондуктан 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнүн мааниси зор. Айрыкча, бир туугандай бир катарда туруп, душманга каармандык менен бетме-бет чыккан элдер үчүн бул дата ɵтɵ маанилүү.

Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып, согуш жарыялагандан кийин Кыргызстан бир тууган боордош элдердей эле 360 миңден ашуун уул-кызын согушка аттандырган. Бул ошол кезде өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен деген сөз. Мындан сырткары 30 миңден ашык кыргызстандык өлкөдөн сырткаркы аскер өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн.

Согуштун оор жылдарында оорукта калгандардын баары – кары дебей, жаш дебей күнү-түнү тыным албай эмгектенип, жеңиштин камсыз болушуна эбегейсиз жардам беришкен.

Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу Жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз.

Урматтуу мекендештер! Мезгил закымдап учуп, жылдан жылга ошол кан күйгөн согушка катышкандардын, оорук эмгекчилеринин саны азаюуда. "Карысы бардын – ырысы бар" деп бекеринен айтылбаса керек, согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилери – оозунда нускалуу кеби бар аксакалдуу карыяларыбыз эле эмес, катаал мезгилде далай татаал учурларды башынан кечирип, бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл совет элине тынчтык тартуулаган биздин сыймыгыбыз!

Жалпы согуш ардагерлерин, оорук эмгекчилерин сыйлап алууга күчүбүз да, кудуретибиз да, эркибиз да жетет.

Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, молчулук, токчулук болуп, элибизди ынтымак ыроолоп, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиш күнү кут болсун! Майрамыңыздар менен!, - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16116