Ырчы Рустам Сагыналиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
RU

Ырчы Рустам Сагыналиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев 40 жашында каза болду. Бул тууралуу ырчынын кесиптештери ырасташты.

Рустам Сагыналиев буга чейин боорун алмаштырууга муктаж болуп, чет өлкөгө чейин барып келген. Ага донор чыкпай жатканына байланыштуу операция жасала элек болчу.

Ырчы 1984-жылы январда Талас облусунун Бакайыр айылында туулган. Ага "Өтүнүч" аттуу ыр ийгилик алып келген. Улуттук филармониянын А.Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун мүчөсү болчу.

Kaktus.kg редакциясы Рустам Сагыналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16144