Итканада түнөгөнгө мажбурланган 3 жашар кыз. ИИМ жаңы жагдайларды айтты
RU

Итканада түнөгөнгө мажбурланган 3 жашар кыз. ИИМ жаңы жагдайларды айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Итканада түнөгөнгө мажбурланган 3 жашар кыздын бутун өгөй атасы буга чейин сындырганы маалым болду. Бул тууралуу 13-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, өгөй атасы кармалган. Энесин да жоопко тартыш керек, бирок 5 айлык боюнда бар.

"Аял кош бойлуу болгондуктан камакка алынган жок. 2-3 ай мурда кыздын буту сынып ооруканага түшкөн. Анда кыздын ата-энеси фактыны жашырып, кыз жыгылып, бутун сындырып алганын айтышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кыздын бутун өгөй атасы сындырганы маалым болду. Учурда толук кандуу тергөө жүрүп жатат", - деп белгиледи Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары.

Белгилүү болгондой, өгөй ата беш берененин негизинде кармалды.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов кыздын сол тараптагы 11 кабыргасы, оң тараптагы 3 кабыргасы сынганын, бутунда, денесинде жана башында көптөгөн көгала тактар бар экенин белгиледи.

"Кызды 8-майда чоң апасы алып кеткен, амбулатордук түрдө дарыланып жатат. Аны Жалдагы ооруканага жаткырууну пландап жатабыз, бирок чоң энесинин уруксаты керек", - деп кошумчалады Исмаилов.

Эске салсак, 29-апрелде Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Буденовка айылынан 2021-жылы туулган Р.Н. ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөнү кабарланган. Наристе системалуу түрдө сабалып келгени такталып, шектүү катары 1996-жылы туулган өгөй атасы кармалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16149