Бишкекте студенттер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыздап жатышат
RU

Бишкекте студенттер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыздап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли жогору. Эмгек миграциясы менен болгон маселе курч турат. Мындай шартта майыптыгы бар адамдарга жумуш табуу кыйын экени түшүнүктүү. Буга ылайык, Бишкекте студенттер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыздоо аракеттерин көрүшүүдө. Kaktus.kg редакциясы бул ирет экотабактарды жасап жаткан адамдар жана долбоордун авторлору менен жакындан тааныштырат.

Долбоорду Enactus KEU, майыптыгы бар кыздардын биримдиги ишке ашырып жатат. Алар майыптыгы бар кыздарды кебектен бир жолу колдонулуучу экологиялык табак жасоого окутуп, үйрөтүшкөн. Окуу Кыргыз экономикалык университетинде жүрүп жатат.

Экотабактарды колдонгондон кийин жем кылса болот

Долбоордун катышуусунун бири - Айтурган Алмазбек кызы, 23 жашта. Ал графикалык дизайн менен алектенет. Кошумча киреше табуу үчүн гана эмес, долбоордун максаты жакканы үчүн да келип, кебектен идиш жасаганды үйрөнүп жатам дейт ал.

"Мен өзүм графикалык динзайнермин. Өзүм үйдөн иштейм. Буйрутмаларды да онлайн алам. Бир табак болжол менен 20 мүнөттө жасалып бүтөт. 15 мүнөт печкада бышат, беш мүнөттөй даярдоого кетет. Абдан кызыктуу. Өзгөчө команда менен иштеген жагат. Болгону багынбаш керек. Ооба, биринчи кадам абдан кыйын, бирок ага карабай алдыга жыла берүү керек", - дейт долбоордун катышуучусу.

Жакында сатыкка чыгат

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, экотабактарды колдонгон соң майдалап же жибитип, жаныбарларга же канаттууларга жем катары берүүгө болот. Учурда долбоордун катышчуучулары 100 чакты табакты үйрөнүү процессинде эле жасап бүтүштү. Эми, ал табактар сатыла баштайт.

Кирешенин 70%ы майыптыгы бар адамдарга, калганы Enactus KEU долбоорунун ыктыярчыларына бөлүнөт. Ыктыярчылардын бири Аделия Кайназарова долбоордун келечеги жана эң башкысы пайдасы бар деп ишенет.

"Бул идея эки жыл мурун эле жаралган. Бирок, азыр ишке ашып жатат. Бул долбоорго мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарттык. Себеби, биз алар өздөрүн башкаларга керек экенин сездиргибиз келди. Алар экологиялык таза продуктту жасай ала тургандарына көздөрү жетсин дедик. Өз алдынча акча таап, эң башкысы, ушундай бир коом түзүп, алар башка адамдар менен аралашуусуна көмөк көргөзгүбүз келди. Биз окуутууда чогуу жүрүп абдан кызыктуу адамдар экенин билип жатабыз. Ар биринин максаттары бар", - дейт Кыргыз экономикалык университинин Enactus долбоорунун ыктыярчысы Аделия Кайназарова.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 213 миңден ашуун адамдын майыптыгы бар. Анын ичинен 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16256