Бишкекте блогер адамды тапанча менен атып, видеону интернетке жүктөдү
RU

Бишкекте блогер адамды тапанча менен атып, видеону интернетке жүктөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 20 жаштагы блогер адамды тапанча менен атып, окуяны видеого тартып алган. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Маалым болгондой, социалдык тармакка 300 миң адам жазылган колдонуучулардын бири анын кишини атып жаткан видеосун жүктөгөн. Ошол эле учурда экинчи катышуучу ага ок атылаарын күтүп турат. Факт Бишкек ШИИББде катталып, иликтөө иштери башталды.

"Ок аткан адам 2004-жылы туулган М.М. болуп чыкты. Ал борбор калаадагы милицияга жеткирилген. Андан сигналдык мылтык алынган. Экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп билдиришти ШИИБден.

Милиция жарандар колундагы куралын өз ыктыяры менен тапшыра аларын эскертти. Бул үчүн укук коргоо органдарынын каалаган кызматкерине же жакынкы райондук башкармалыкка кайрылуу керек. Мыйзамсыз сакталган курал-жаракты же ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыргандар жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16261