Жогорку Кеңеш башкы прокурор Курманкул Зулушевге байланыштуу чечим чыгарды
RU

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Курманкул Зулушевге байланыштуу чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушевди башкы прокурорлуктан кетирүүгө макул болушту.

Парламенттин 5-июндагы жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын белгиледи.

Депутаттардан суроо түшкөн жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 58 депутат макулдук беришти. Каршы болгондор катталган жок.

Эске сала кетсек, Курманкул Зулушев кызматтан кетерин 3-июнда билдирген. Ал Башкы прокурор болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16302