Мурдагы вице-мэр Максатбек Сазыкулов тил кат менен бошотулду
RU

Мурдагы вице-мэр Максатбек Сазыкулов тил кат менен бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мурдагы вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.kg сайтына билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 30-майдагы чечими менен УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Ага ылайык, Сазыкуловдун баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо менен алмаштырылып, СИЗОдон бошотулду.

Белгилүу болгондой, Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган. Сот ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16315